Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 2 миң 334 мектептин 26сы онлайн-окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталгандыгына байланыштуу Бишкек шаарында 16 мектеп, Чүй облусунда – 10 мектеп карантинге жабылды.

Андан тышкары, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 76 класс онлайн-окутууга өткөрүлдү, анын ичинен Чүй облусунда 55 класс, Бишкек шаарында – 9 класс, Талас облусунда – 6 класс, Нарын облусунда – 3 класс, Ош облусунда – 2 класс, Ысык-Көл облусунда – 1 класс.

Белгилей кетчү нерсе, Талас облусу боюнча 6 класс онлайн-окутууга мектептеги оңдоо иштерине байланыштуу өткөрүлдү.