Бул маселе боюнча саясатчы Феликс Кулов ой бөлүштү.

Ал 2009-жылы Ош–Баткен–Исфана жолун оңдоодо кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган, талаштуу тилкесиндеги 275 метр жер тилкесин көпүрө куруу үчүн 49 жылга ижарага берүү чечими кабыл алынганын эске салды. Протоколго Коопсуздук кеңешинин ошол кездеги катчысы Адахан Мадумаров менен тажик кесиптеши кол коюшкан.

Эми бул документке таянуу менен тажик тарап бул жерди өзүнүн жери деп эсептейт, ал убактылуу, ижаралык негизде кыргыз тарап пайдаланып жатат. Президент Садыр Жапаров Тажикстан Республикасынын жетекчилиги менен жолугушууда Адахан Мадумаровдун кол коюуга укугу жок экенин билдирди.

Бул протокол жараксыз, биздин тарап аны тааныбай, Төрт-Көчө аймагы боюнча маселени кароону талап кылды. “Анткени эки өлкөнүн ортосундагы делимитация жана демаркация маселелери бул мамлекеттердин өкмөттөрү, парламенттери жана президенттери тарабынан гана каралат.

Мадумаров ал кезде Коопсуздук кеңешинин катчысы болчу, делимитация, демаркация маселелери боюнча ага эч ким кол коюуга укук берген эмес», — деди ал.