Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Тумба жерлигинде Тажик Республикасынын Исфара районунун Хачаи-Аьло айылы чектешкен жерлигинде Баткен районунун акими У. Жоробаев, Баткен районунун прокурору, УКМКнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, 2022 аскер бөлүгүнүн командири жана Актатыр, Самаркандек, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчылары Тажик Республикасынын Исфара районунун төрагасы Б.Баходурзода баштаган делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка ылайык, жолугушууда, эки тарап чек аралаш аймактарда жүргүзүлүп жаткан бардык курулуш жумуштарды токтотуу, коомдук саясий абалды туруктуу кармоо жана провокациялык аракеттерди болтурбоо, эки тараптын тең жарандарын, жашы жетелек жарандарды, мектеп окуучуларын негизсиз алып кирип кетпөө жана башка ушул сыяктуу күндөлүк турмушта болуп жаткан жумуштар туурасында кеңири сүйлөшүштү.
Жолугушуу эки тараптуу конструктивдүү духта өтүп, аяктады.
Учурда Баткен районунун аймагында коомдук-саясий абал тынч.