Чүй облусунун 9 миңге жакын тургуну көчмө мультидиагностикалык комплекстин кызматынан пайдаланды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев аталган комплекстин иши менен журналисттерди тааныштырып жатып билдирди.

Мобилдик мультидиагностикалык комплекс 2021-жылдын ноябрь айынан бери Чүй облусунун Кемин жана ага жакын райондордун тургундарын акысыз медициналык кароодон өткөрүп келет.

Комплекстин ишине жооптуу адистердин айтымында, өткөн жылдын ноябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облусунун 9 миңге жакын тургуну мультидиагностикалык комплекстин адистери тарабынан акысыз медициналык кароодон өттү.

Анын ичинде 839 адам гинекологиялык кароодон, 1128 адам окулистке, 636 адам отоларингологго, 1014 адам невропатологго, 1009 адам кардиологго, 836 адам УЗИден, 144 адам стоматологго, 905 адам урологго, хирург дарыгерине 1236 адам кайрылган. Лабораториялык кызматтар 931 тургунга көрсөтүлдү. Мындан тышкары 53 аял маммографиядан өтүп, 195 адам компьютердик томография кызматын колдонсо, 258 адам рентгенге тартылды.

Жалалидин Рахматуллаев белгилегендей, мультидиагностикалык көчмө клиника Саламаттыкты сактоо министрлигине оорулардын алдын алуу максатында калкка сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө жардам берет.

Ал эми мобилдүү мультидиагностикалык комплекстин ишке киргизилиши ведомствонун өлкө жарандарынын ден соолугун коргоо алкагындагы ишинин оң натыйжаларынын бири экенин белгиледи.

Диагностикалык комплекс Кемин районунда 2022-жылдын январь айынын аягына чейин жайгашып, андан кийин Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, долбоор 5 жылга эсептелген жана ушул убакыт аралыгында Ислам өнүктүрүү банкы мобилдик клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү майлар менен, ал эми дарыгерлерди айлык акы менен камсыздайт. Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн кабинеттер, анализ жүргүзүү лабораториясы, КТ жана маммограф, операциялык бөлмө, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Мобилдик клиникалардын курамында калкты ташыган кичи автобустар, анын ичинде С классындагы тез жардам унаасы да бар.

 

Булак: Супер кж