Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев активисттер жана Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө Арзыбек Кожошев белгилегендей, облуска өзгөчө макамдын берилиши бизнести өнүктүрүүгө мүмкүндүк берип, жумушчу орундарды жогорулатып, аймакты өнүктүрүү үчүн шарт түзөт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары кошумчалагандай, мыйзамга ылайык, облус аймагында атайы жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштейт. Атап айтканда, ишкерлер салыктын айрым түрүнөн: кирешеге салык жана сатыктан түшкөн салыктан бошотулат, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча мүлккө карата салыктан жана жер салыгын төлөөдөн бошотулат.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, мамлекеттик органдардын, жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнүн ырааттуу иши аркылуу гана аймак тургундарынын жашоосун иш жүзүндө жакшыртууга мүмкүн.

Активдүү талкуунун жүрүшүндө баткендик журналисттер жана активисттер өздөрүн кызыктырган бир катар суроолорго жооп алышып, келечекте облусту өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча сунуштарын айтышты.

Баткен облусун өнүктүрүүдө жарандык коом жергиликтүү бийлик менен тыгыз кызматташууга даяр экендиги белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары активисттерге жана Баткен облусун өнүктүрүү маселесин активдүү чагылдырган ЖМК өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырды.

Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган мыйзамга ылайык, Баткен облусуна өзгөчө макам берилип, облусту өнүктүрүү программасы кабыл алынган, анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү максатында жыл сайын 500 млн сом өлчөмүндө каражат бөлүнөт.