18-январда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн «Кыргызстан — туризмдин өлкөсү» аттуу ачык сабак өттү.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сабак “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” долбоорунун алкагында өтүп, ал Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан жүргүзүлгѳн .

Долбоордун соңку коногу маданият министри Азамат Жаманкулов болуп, ал Кыргызстандын туристтик потенциалы, аны ишке ашырууда колдонулуп жаткан тренддерге кенен токтолду.

Министр сабак учурунда туристтерди тартуу аракетин маданий иш-чара менен бирге аны ишке ашыруу механизмдерин жолго коюулушу керектигин белгиледи.

Сабакка 9 ѳлкѳдѳн 76 университет катышып, жалпы 3 миң 500 студент кенен маалымат ала алды.

Азамат Жаманкулов өзүнүн баяндамасында Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү, мамлекеттин приоритеттүү милдеттеринин катарына кирерин белгилеп, Кыргызстандын асманга жеткен аска-зоолордун мекени, Улуу Жибек жолу жана кайталангыс көчмөн маданияты орун алган ордо катары баса белгилеп, түрк дүйнөсүнүн жаштарын өлкөгө чакырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер министрге өздөрүн кызыктырган суроолорун онлайн узатып, жооп алышты.

Эске сала кетсек, долбоор 2021-жылдын 28-майында 71 университеттин ректорлору катышкан «Биргелешкен кызматташтык» аземи менен башталган. Ачылыш аземи онлайн форматта өтүп, алгачкы лекция өткөн жылдын 15-октябрында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тарабынан окулган.

Белгилей кетсек, түрк дүйнөсү тууралуу сабактар Манас университетинин академиктери тарабынан 14 жума бою өтүлдү. «Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” баарлашууларына Косово Республикасынын аймактык өнүгүү министри Фикрим Дамка жана Түрк тил коомунун президенти, профессор Гүрер Гүлсевин сыяктуу илим адамдары катышкан.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Газиантеп окуу жайы тарабынан координацияланган долбоор 2021-2022-окуу жылынын жаз мезгилинде Түркиянын Амасия университетинин академиктеринин окула турган лекциялары менен уланат.