Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга чет өлкөдөн 2 миллиард 516 миллион 970 миң доллар которулду. Бул туурасында Улуттук банк маалымдады.

Бул статистикада жеке тараптардан акча которуу системасы аркылуу түшкөн каражаты камтылган.

2020-жылы 11 айдын аралыгында Кыргызстанга мигранттар тарабынан 2 миллиард 160,1 миллион доллар которулган болчу. Ортодогу айырма мурдагы жылдын башында пандемиядан улам өнөктөш өлкөлөр чектөөлөрдү киргизгенине байланыштуу.

Былтыркы статистиканы тарыхтагы рекорддук көрсөткүч катары кароого болот. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479,4 миллион доллар келип түшкөн.