Мындай пикирин депутат Чолпон Султанбекова социалдык трамактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Баткен облусундагы айрым айылдардагы кыргыз телеканалдары тартпай, жада калса Кыргызстандын уюлдук операторлорунун байланышы жок.

«Урматтуу достор, кадырлуу мекендештер!

Бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусундагы айрым айылдардагы кыргыз телеканалдары тартпай, жада калса Кыргызстандын уюлдук операторлорунун байланышы жок экенин билдирип, аны тишелүү министрликке аттанып жаткан талапкерге маалымдагам. Бул көрүнүштү Кадамжай районунда эл менен тыгыз иштешкен жетекчилер да жакшы билет.

Тилекке каршы менин бул сөзүм бурмаланып кетти. Ал жерде эч бир президенттин ысымы аталган эмес. Чынында мындай маселе бар. Мен шайлоочуларым менен тыгыз иштешкен депутат катары аны эң жакшы билем. Буйруса аталган көйгөйдү чечүүнү тиешелүү органдардан талап кылып, көзөмөлгө алам», — деген ал.