2022-жылдын 20-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматы түзүлгөн күнүнүн 30 жылдык маарекесин салтанаттуу түрдө белгилешти. Аталган кызматтын салтанаттуу иш-чарасына ички иштер министри Улан Ниязбеков, мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов, министрдин орун басарлары, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ардагерлери, кызматкерлери жана чакырылган коноктор катышты.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын ардагерлерин жана кызматкерлерин кызматын татыктуу өтөгөндөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Ички иликтөө кызматынын ардагерлери, катардагы күжүрмөн кызматкерлери!

Сиздерди Ички иликтөө кызматынын  түзүлгөнүнүн отуз жылдык мааракеси  менен өзүмдүн атыман, коллегиянын жана өздүк курамдын атынан мааракеңиздер менен чын дилимден куттуктаймын!

Арабызда ушул кызматтын ардагерлери олтурушат. Сиздер түптөгөн, сиздер баштаган, сиздер иштеген тажрыйбага бай — бул кызмат, мына ушинтип 30 жашка толуп олтурат.

Биздин ардагерлердин бай тажрыйбасы, көрөгөчтүгү, кужүрмөндүүлүгү, кыраакылыгы жана патриоттуулугу менен аталган кызматтын кадыр баркы күн санап өсүп, учурда ИИМдин алдыңкы кызматтардын бирине айланды.

Бүгүнкү күндө, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын алдында коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, жарандарды милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен коргоо жана ички тартипти чыңдоо тапшырмалары турат.

Тилекке каршы, ички иштер органдарынын катарында жүргөн айрым кызматкерлер кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, кызмат ордун кол тийбестик макамы катарында көрүп, мыйзам бузууларды жасаган фактылар жок эмес.

Учурда  пара алуунун, бангизаттарды сатууга байланышкан жагдайлардын дегеле мыйзам бузуулардын заманбап, санариптештирилген мезгили келди. Сиздер да ушул багытта тынымсыз иш-аракеттерди көрүп иштеп келе жатасыздар.

Сиздердин кызмат коом үчүн өзгөчө маанилүү экендигин жана сиздердин араңыздарда күжүрмөн жана тажрыйбалуу кызматкерлер бар экендигин белгилеймин.

Мен Сиздердин алдыңыздарга ички иштер органдарынын катарын ар кандай мыйзамдуулукту бузуучулардан жана коомдун алдында милициянын кадыр-баркын шек келтирүүчү башка элементтерден тазалоого багытталган тапшырмалар бар экендигин белгилеймин.

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан милициянын кадыр-баркын кетирген, пара алган, мыйзам бузган кызматкерлерге карата тазалоо жүргүзүү күчтөндүрүлүп келүүдө. Башкача айтканда, укук тартибин бузган  кызматкерлерди, өзүбүз кармап, жоопко тартып жатабыз.

ИИМ өз катарын таза эмес кызматкерлерден тазалайт жана мыйзам бузгандар жазадан кутулбайт.

Мыйзам бузууларга каршы ИИМдин жетекчилигинин көз карашы эч качан өзгөрүлбөйт – мыйзам бузгандар жоопкерчиликке сөзсүз түрдө тартылат. Бул болсо ИИМдин принципиалдуу көз карашы болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин, өздүк курамынын атынан баарыңыздарды дагы бир жолу кесиптик майрамыңыздар менен куттуктаймын.  Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалаймын!”,-деп куттуктоо сөзүн айтты Улан Ниязбеков.

Андан соң Улан Ниязбеков, ИИМдин Ички иликтөө кызматынын ардагерлерине, кызматкерлерине салтанаттуу түрдө сыйлыктарды тапшырды.

Куттуктоо сөзү менен мурдагы ички иштер министри, ички иликтөө кызматынын негиздөөчүсү Феликс Кулов дагы чыгып, ички иликтөө кызматынын түптөлүшү,  коомдогу орду жөнүндө айтып берди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматынын тарыхына көз чаптыра турган болсок, 1992-жылы министрликтин ыкчам кеңешмесинде күзөттөрдү текшерүү жана көзөмөлдөө түзүмдүк бөлүгүн түзүү чечимин кабыл алуу менен өз ишмердүүлүгүн баштаган. Ошол эле жылы Ички иштер министрлигинин, облустук жана шаардык Коопсуздук кызматтарынын штаттары бекитилген. Ал эми, 1993-жылы Коопсуздук кызматынын Жобосу бекитилип, ИИОнун өздүк курамы тарабынан мыйзамдуулукту бузган фактылар боюнча “Кызматтык иликтөөлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибинин” Нускамасы иштелип чыккан.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы өз алдынча түзүмдүк бөлүк катары түптөлүшүнөн бери бир нече жолу түзүмү өзгөртүлгөн.

Ар кайсы жылдарда Ички иликтөө кызматын: Виталий Искаков, Ельтуган Джапаров, Макен Турдугулов, Рыскул Качканаков, Бердибек Жакыпбаев, Номанжан Аркабаев, Нарынбек Молдоисаев, Тыныстан Райымкулов, Эркин Кангельдиев, Кырккелди Кыдырбаев, Сайпидин Камалов, Айтмамат Рахманов, Нурлан Джумашев, Скандарбек Кочербаев, Маканбай Омурзаков, Талантбек Акматов, Конокбай Өскөнбаев башкарып келишкен.

Азыркы учурда Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматын Жолболду Кочконов жетектейт.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы