Баткен облусунун Лейлек районунда 2022-жылдын 19-январында кечки саат 20:30 чамасында жол кырсыгы катталган. Тактап айтсак, Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылындагы чоң жолдун жээгинде жөө бара жатышкан Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Ак-Арык айылынын тургундары 1999-жылы туулган М.С. менен 2005-жылы туулган А.Р.ны «ВАЗ-21074» үлгүсүндөгү автоунаа сүзүп, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада С.М. аттуу жаран окуя болгон жерде каза болуп, А.Р. аттуу жаран Кулунду аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылган. Жол кырсыгын жасап окуя болгон жерди таштап кеткен автоунааны табуу үчүн ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери ЖККК бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам издөө иш-чарасын жүргүзүп башташкан. Натыйжада окуя болгон жерден изин жашырып, качып кетке айдоочу табылды. Автоунаасы айып короого киргизилип, ал эми айдоочу М.С. тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Баткен ОИИБы боюнча ЖКККБнүн басма сөз кызматы