Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жактоочу Айым Камчыбекова билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык соту бүгүн ушундай чечим чыгарды.

Эске салсак, Бактыбек Калмаматов 2021-жылдын декабрь айында “Манас” аэропортунан кармалып, УКМКга жеткирилген. Ведомствонун басма сөз борбору билдиргендей, анын социалдык тармактар ​​аркылуу аймактар ​​аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар келип түшкөн. Сотко чейинки териштирүүлөр башталып,  мурдагы эл өкүлү СИЗОго киргизилген.