Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда жаштар арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.
Агенттиктен билдиришкендей, республикалык чемпиондукта өлкөнүн бардык аймактарынан келген 140 спорту катышып жатат. Мелдеш 19 салмак категорияда: 13 (48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92 килограмм жана 92 килограммдан жогору) салмак категория эркектер арасында жана 6 (48, 51, 54, 57, 60, 75 килограмм) салмак категория кыздар арасында өтүүдө.
Ачылыш аземге спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Нурлан Токтоналиев, Супервайзер Мырзакерим Токолдошев, башкы калыс Кубаныч Жансейитов, Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов катышты.
Белгилей кетсек, республикалык чемпиондук 23-январда аяктайт.