«Алай» футбол клубунун президенти — Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов каза болгон «Алай» футбол клубунун оюнчулары Асад Алимов менен Жахонгир Махмудовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

«Биз «Алай» футбол клубунун эки тарбиялануучусунун жол кырсыгынан улам жарык дүйнө менен кош айтышканын терең кайгыруу менен оор кабыл алдык. Каргашалуу кырсыктан көз жумган футболчулардын туугандарынын, жакындарынын, досторунун жана кесиптештеринин аза кайгысын тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз», — деп белгиледи мэр.