Бүгүн, 21-январда өлкө аймагында жаан-чачын болбойт, деп билдирди Кыргызгидромет. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым аймактарын туман каптайт. Унаа жолдор тоңголок жана тайгалак болот.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +1…+6
Талас облусунда 0…+5
Баткен облусунда +3…+8
Ош, Жалал-Абад облустарында +3…+8
Ысык-Көл облусунда -3…+2
Нарын облусунда -5…-10
Бишкек шаарында эртең менен жана кечкисин туман болот. Абанын температурасы +3…+5 градуска жетет.