2022-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККда милициянын полковниги Жумабаев Мырзалы Жолборсалиевичтин ардактуу эс алууга чыгуусуна арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Кызматтын башчысы милициянын полковниги Уланбек Султанов өз сөзүндө Мырзалы Джумабаевдин ак ниет эмгеги жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Ал өз сөзүндө Мырзалы Жумабаевдин кесиптик жолу 80-жылдардын ортосунан башталганын баса белгиледи.

Анын көп жылдык эмгек тажрыйбасы, 31 жылдан ашык ички иштер органдарындагы кызматы бааланып, ага ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Охунов, кесиптештери дагы Мырзалы Жумабаевди ардактуу эс алууга чыгышы менен куттукташып, милицияга көп жылдар бою сиңирген эмгеги үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, ден соолук каалап, баалуу белектерин тапшырышты.

Мырзалы Жумабаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын жетекчилигине, кесиптештерине ыраазычылык билдирип, кызматтын жалпы жамаатына ийгиликтерди каалады.

ИИМдин Басма сөз кызматы