Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында 2022-жылдын 19-январында Чүй облусунун Сокулук райондук Социалдык фонд башкармалыгынын жетектөөчү адиси “З.Э.З.” пара алып жаткан жеринен кармалды.

2022-жылдын 17-январында Сокулук районунун тургуну Социалдык фонд башкармалыгынын «З.Э.З.» аттуу кызматкерине акыркы 10 жылда төлөнгөн социалдык чегерүүлөр боюнча көчүрмө алуу боюнча кайрылган. Өз кезегинде “З.Э.З.” буга чейинки социалдык чегерүүлөр боюнча маалымат менен таанышып чыгып, анын айрым бир мыйзам бузуулары бар экенин айтып, буга байланыштуу ал акчалай сыйлык үчүн анын маселесин оң жагына чечип берүүнү сунуштаганы сотко чейинки өндүрүштө аныкталган.

Азыркы учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.