2022-жылдын 20-январь күнү Баткен облусунун аймагында милиция кызматкерлеринин жер-жерлердеги аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгаруу жана келерки жылга аткарыла турган иштерди мерчемдөө, мындан ары эл арасында, чек аралаш аймактарда алдын алуу иштерин жандандыруу максатында, 2021-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Баткен ОИИБнын жетекчилиги, бөлүм башчылар, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери жана алардын орун басарлары, айылдык милиция бөлүмчөсүнүн начальниктери катышты.

  


Жыйында Баткен ОИИБнын начальниги Мурат Боронов облус ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аткарган иштери боюнча баяндамаларын угуп, кенен талкуулады. 2021-жыл ичинде коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү кесиптик чеберчилиги, кызматтык милдеттерине ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөгөн кызматкерлерге, башкача айтканда өз кесибинин мыктыларына, ошондой эле мыкты ардагерлер кеңеши кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө Баткен ОИИБнын атайын дипломдору, тасмасы жана вымпелдери тапшырылды. Ал эми 2021-жыл ичинде «Мыкты ички иштер бөлүмү» болуп 1-орунга Кадамжай РИИБү 1-даражадагы диплом жана Вымпел, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өткөрүлүп берүүчү «Кызыл туусу» менен сыйланды. 2-орунга Баткен РИИБү, 3-орунга Кызыл-Кыя ШИИБү ээ болушту. Ал эми “Мыкты ардагерлер кеңеши” наамына Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Саттаров Каримберди Камчыевич ээ болуп, 1-орунду ээледи. 2-орунга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы подполковниги Боронов Алимбек Абдилазизович татыды. Ал эми 3-орунга Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы капитаны Исманов Мийзам Джумагулович ээ болду.
Жыйындын жүрүшүндө Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов ИИОнун кызматкерлеринин аткарган иштери натыйжалуу болбогон кээ бир ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана бөлүм башчыларына кескин сындарды айтып, кемчиликтерди жоюу максатында талаптарды катуу койду. Жыл ичинде өз деңгээлинде жумуш алып бара албаган жетекчилерге, кызматкерлерге кызматтык жазалар берилди.
Жыйындын аягында Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов: “Ар бир кызматкердин билим деңгээли жогору болуп, аткарган иштерине чоң жоопкерчилик менен мамиле жасоо керек, ошондо элдин ишеничин актайбыз” деп ар бир кызматкерди эл менен сылык мамиледе болууга жана ар бир кызматкер өз милдетине жигердүү мамиле жасоого чакырып кетти.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы