Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгы боюнча бир айдын ичинде 7 миң 809 чарба субъекти контролдук-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт.

Жалпысынан 2022-жылдын 20-январына карата республика боюнча 32 миң 447 контролдук-кассалык машина колдонууда, анын ичинен 20 миң 831 – аппараттык жана 11 миң 616 – программалык ККМ.

Мамлекеттик салык кызматы контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү субъекттерди жергиликтүү салык органдарына кайрылууга жана ККМге өтүүгө чакырат.

Учурда ККМдин эки түрү колдонулат – аппараттык жана программалык.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат.

Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот, смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди Техникалык тейлөө борборлорунан алса болот, алардын саны бүгүнкү күндө 14.

Программалык ККМди орнотуу үчүн иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз менен кайрылуу зарыл.

Ошондой эле Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» менен биргеликте коюлган POS терминалы бар заманбап кассалык машиналарды орнотуп жатканын белгилейбиз. Гибриддик ККМ акысыз берилет, аны алуу үчүн арыз менен иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына кайрылуу зарыл.