24-январдан тарта Өзбекстандын мектептери, университеттери, лицейлери жана кесиптик билим берүү мекемелери онлайн режиминде окуу процессин баштайт. Бул чечим мамлекеттик эмес окуу жайларына да тиешелүү.

Бул тууралуу Өзбекстандын Элге билим берүү министрлиги менен Жогорку жана орто атайын билим берүү министрлигинин басма сөз кызматтары билдирди.

Маалым болгондой, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссия мындай чечимди балдар жана жаштар арасында коронавирустун “омикрон” жаңы штаммынын жайылышын алдын алуу максатында кабыл алган.