Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 11 миң 467 тонна ун бөлүндү. Бул тууралуу Материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы республикалык бюджеттен 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

“Россия менен келишим түзүп, 63 миң тонна дан эгиндери, 3 миң тоннадай кумшекер, 2 миң тонна өсүмдүк майын сатып алдык. Продукциялар республиканын ар бир аймагындагы кампаларда сакталууда”, — деди Каракулов.

Каракулов 63 миң тонна дандын 62 миң тоннасы келип, 1 миң тоннанын келиши күтүлүп жатканын маалымдады.