Бир миллиард сомго айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алуу пландалып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасынын орун басары Рустам Каракулов  брифингде билдирди.

Ага жазгы талаа иштери учурунда фонд фермерлерге дизель майын сатар-сатпасы боюнча суроо узатылды. Каракулов маселе министрлер кабинетинин чечимине жараша караларын айтты.

«Мындан тышкары, буудай, арпа, кызылча, соя, сафлор жана беденин үрөнүн сатып алуу боюнча өкмөттүн буйругу чыгат. Министрлер кабинети үрөн сатып алуу үчүн 1 миллиард сом бөлгөнү жатат. Биз болсо Россия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жазгы талаа иштери башталганга чейин фермерлерди үрөн менен камсыздайбыз деп ойлойм», — деди Каракулов.

Үрөн фермерлерге кандай шарт менен берилерин адис айткан жок. Минералдык жер семирткичтерди сатып алуу үчүн дагы бир миллиард сом бөлүү боюнча документ даярдалып жатканы да айтылды.