Президент Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн расмий аяктаган. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Кыргыз-Орус Славян университетинин ректору Владимир Нифадьев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров 2006-жылдын 19-майында «Конституционно-правовой статус депутата Жогорку Кенеша» («Жогорку Кеңештин депутатынын конституциялык-укуктук статусу») деген темада дипломдук ишин «эң мыкты» деген баага жактаган.
“Коомчулуктун кызыгуусу арткандыктан, Жапаров Садыр Нургожоевич 2006-жылы КРСУнун юридикалык факультетинин сырттан окуу бөлүмүн аяктагандыгын КРСУ расмий тастыктайт.
Ал 2006-жылдын 19-майында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы” деген темадагы дипломдук ишин “эң жакшы” деген баага жактаган.
Окуу жайдын бардык студенттери сыяктуу эле Садыр Жапаровго кыргыз жана орус үлгүсүндөгү дипломдор тапшырылган», — деп билдирди КРСУнун ректору Владимир Нифадьев.