«Таласта кант заводу ачылды. Өлкөдө заводдор курулуп, жумушчу орундар түзүлүп жатканы жакшы көрсөткүч» — деп жазып чыккан Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу Данияр Абдыбеков.
Аталган заводго «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат Талас» фонду кайтарымдуу негизде пайызы жок 16 800 000 сом каражат бөлүп берген.
Учурда заводдо 100гө жакын жумушчу орун түзүлгөн күнүнө 50 тонна кант кызылчасын иштетүүгө мүмкүнчүлүк бар, алдыда заводду чоңойтуп 1000 тоннага чейин өндүрүү пландар бар экенин ишкананын жетекчиси Чаткалбаев Бактыбек билдирди.
Завод «Альянс Алтын» компаниясы менен болгон келишимдин негизинде, бул жылы Талас облусундагы социалдык аярлуу катмардагы үй-бүлөөлөргө 11 тоннага чейин кант менен камсыз кылып берет. Анткени мындай долбоорлор «Альянс Алтын» компаниясы үчүн социалдык мүнөздөгү мааниге ээ.