Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жаны жылга карата эл өкүлүнө кат жазган балдар менен жолугушуп, алардын тилектерин орундатты.
Бул тууралуу депутат Токторбаев Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй билдирүү калтырган:
«Балдар — биздин келечек!
Жыл жаңырары менен жаңы жылга карата жазылган кичинекей бөбөктөрдүн каты колума келип түштү. Бүгүн минтип кат ээлерин чакырып, тилектерин орундатуу үчүн чакан жолугушуу өткөрдүк. Мындан ары сабактарын жакшы окуп, үлгүлүү окуучу болоорун, а мен ар дайым колдоп турарымды айтып сөз бериштик.
Келечекте элге кызмат кылган элдин уул-кыздары болоруна ишенем! Балдар биздин-келечек!» — деп жазган Жеңишбек Токторбаев.