Маргундук агайдан насаат ыр:

Бактыңды балталатпа мактаганга,

Баркыңды талкалатпа жакпаганга.

Сырыңды айта бербе сыйлайм деп,

Сыртыңдан сылап сени таптаганга.

Желкеңе жебе кадап турса дагы,

Жериңди бекем тургун сактаганга.

 

Ага-ини, дос, тууганды сыйлай билгин,

Акыйкат, адалдыкты жыйнай билгин.

Жашаган жериң үчүн, элин үчүн,

Жаныңды аябастан кыйнай билгин.

Каткырып күлчү жерде күлгүн, бирок,

Ыйлачу жери келсе ыйлай билгин.

 

Казаным каалаганча кайнайт дебе,

Таманым такыр менин тайбайт дебе.

Үйүмдүн асты-үстү чар тарабы,

Үйүлгөн дүр-дүйнөгө жайнайт дебе.

Бул күндүн эртеңкисин Кудай билет,

Булбулум бутак тандап сайрайт дебе.

 

Жетимдин жемин колдон талашпагын,

Жерини жээригенге жанашпагын.

Жөрмөлөп ич-койнуңа киргендердин,

Жөжөсүн күздө келип санашпагын.

Эл жарайт жакшына да, жаманына,

Элиңден эсиң болсо адашпагын.

 

Омурзак Саттаров, акын.