Кар көчкүнүн астында калган экинчи адамдын жансыз денеси ӨКМ тарабынан табылып, чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-январь күнү «Вертекс Голд Компани» ЖАКнын жумушчулары Кара-Буура-Чаткал унаа жолунун тилкелеринин биринде өз алдынча карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калган.
Издөө иштерин ишкананын 100гө жакын кызматкери жүргүзгөн. Саат 17:30дар чамасында көчкүнүн астында калган 1 адамдын жансыз денеси табылган. Экинчиси бир сааттан кийин табылган.
«Вертекс Голд Компани» Жамгыр алтын кенин иштетүүдө.