КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Жерүй кенине барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Анда министрлер кабинетинин башчысы алтын чыгаруучу фабриканын иши, кургак калдык сактоочу жайдын абалы менен таанышып, ошондой эле алтын кен комбинатынын эмгек жамааты менен жолугушту.

Белгилесек, ишканада 1367 жумушчу орун түзүлгөн, мында кызматкерлердин 97%ы Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналат (алардын 70%ы – Талас облусунун тургундары).