Баткен облусунун Кадамжай ройонун Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары аталган айылда мобилдик байланыш жана кыргыз телеканалдары чындап көйгөйлүү экендигин, ичүүчү суу жоктугун айтышты. Бул тууралуу айыл тургундары социалдык тармактар аркылуу кайрылышты.

Алардын айтымында, айылдыктар үйдө отуруп мобилдик телефон аркылуу байланыша алышпайт жана аталган айылда каналда суу жок болгондуктан ичүүчү суу көйгөй жаратууда.

«Биз Кыргыз-Кыштак айылынын тургундары  Өзбекстан менен чектеш аймакта турабыз.

Биздин айылда мобилдик байланыш жана кыргыз телеканалдары чындап көйгөйлүү маселе. Муну Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова айтып чыкса, айылдын байланышы бар жерден кайтып кеткен адамдар четке какты. Керек болсо ошолор биздин үйлөргө келсин. Үйдүн ичинен телефон тартпайт. Бул маселе абдан туура көтөрүлдү жана анын чечилишин биз дагы талап кылабыз. Учурда каналда суу жок. Азыр кышында суу жок, жазында суу тартыштыгын айтпай эле коелу»,- дешет айыл тургундары.