Бүгүн, 24-январда, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Нарын облусунун тоолорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 0…5 градус, Талас облусунда -2…+3 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүзгү абанын табы 0…5 градус, Нарын облусунда -5…-10 градус суу болушу ыктымал.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз 2…7 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы 3…5 градуска жетет.