Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен Кыргыз Республикасынын президентинин 5 Жарлыгы 2253 адамды (1724ү чоңдор жана 529у балдар) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көбүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентинин бир Жарлыгы 244 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө (198и чоңдор жана 46сы балдар).

Жалпы 2497 адамга өтүнүч келтирилген (1923ү чоңдор жана 574ү балдар).