Февраль айынын экинчи жарымында министрлер кабинетинин биринчи көчмө жыйыны Баткен облусунда өтөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 62 преференциялык чек ара конуштарынын тизмеси бекитилип, аларга айрым салык, жер, экономикалык жана башка жеңилдиктер берилери айтылган.

«Министрлер кабинети жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардан тышкары Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 62 айылынын тургундарынын пенсиясын 2 000 сомго көтөрөт. Ошондой эле жөлөк пулдун көлөмүн эки эсеге көбөйтүү, электр энергиясын жеңилдетилген шартта берүү, социалдык кызматкерлердин, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу мүмкүнчүлүгү да каралууда», — деди Кожошев.

Бул боюнча бардык ченемдик-укуктук актылар өкмөттүн көчмө жыйынында бекитүү үчүн 15-февралга чейин даяр болушу керектигин белгилеген.