Пекинде өтүүчү Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын лыжачы Максим Гордеев коргойт.

Маалым болгондой, Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында төрөлгөн.  Ал Кыргыз Республикасынын чемпиону жана спорт чебери, Эл аралык лыжа федерациясынын (FIS) колдоосу астында үч дүйнөлүк чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана көптөгөн старттардын катышуучусу.

Эл аралык аренадагы эң мыкты көрсөткүч – 2018-жылы FIS мелдештеринде 4-орунду алган. Анын негизги жана жеке машыктыруучусу Игорь Борисов.

Акыркы төрт жылда Максим Гордеев Иран, Армения, Швеция, Орусия, Италия, Швейцария, Австрия, Түркия, Кыргызстан жана Бириккен Араб Эмираттарында өткөн сынактарга катышкан.

Спортчу 2021-жылдын ноябрында БАЭде өткөн квалификациялык турнирде, «Альп лыжасынын» слалом түрү боюнча квотанын ээси болду. Анын жыйынтыгы Лыжа тебүү спорту боюнча эл аралык федерациясынын расмий сайтындагы 2022-жылкы кышкы Олимпиада оюндарына катышуучулардын тизмесинде көрсөтүлгөн.

Олимпиадада Кыргызстандын спорттук делегациясынын курамында Максим Гордеев менен Игорь Борисовдон тышкары миссиянын жетекчиси, Улуттук олимпиада комитетинин кызматкери Чолпон Жумагазиева да болот. Оюндарга Эл аралык Олимпиада комитетинин чакыруусу менен КР УОКтун президенти Садыр Мамытов жана УОКтун башкы катчысы Кылычбек Сарбагишев баратышат.

Пекинде Кышкы Олимпиада оюндары 4-20-февраль аралыгында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда жарышка  чыгат.