Бишкек мэриясы көчө шыпыргычтардын коопсуздугу үчүн шаардын борбордук көчөлөрүн тазалоого багытталган атайын техника сатып алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 24-январда «Тазалык» муниципалдык ишканасына MEP ECOVAC үлгүсүндөгү көчө шыпыруучу үч машина тапшырылды.

«Бул долбоор сыноо этабынан өткөн соң Бишкек шаардык мэриясы мындай техникаларды көп өлчөмдө сатып ала баштайт», — деп жазылат маалыматта.

MEP ECOVAC – профессионалдуу кол машиналар тазалоочу жолчосунун диаметри 700мм, бир сатта 2.100 чакырымды тазалайт. Бул машинанын жардамы менен 10 эсе тездик менен ар түрдүү жерлерди тазаласак болот. Үн чыгарбайт жана чыгымды талап кылбайт.

Жалпы ылдамдыгы 3км,в час,  таштанды контейнеринин жалпы көлөмү 30л, машина өзү 25 кг.

Ошондой эле мэрия айдоочуларды жолдо ылдамдык режимин сактоого, «Тазалыктын» кызматкерлери иштеп жаткан аймактан кылдат өтүүгө чакырды.