Кыргызгидромет борбору 25-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+5, Талас облусунда 0…+2, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2…+7, Ысык-Көл облусунда -1…+4, Нарын облусунда -6…-11 градус болушу күтүлөт.

Абанын температурасы Бишкек шаарында +1…+3 градус болот