Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине авиациялык техникаларды жана учуучу аппараттарды сатып алууну пландап жатат. Бул туурасында 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда камтылган.
Мындай техникалар авиациялык транспорт талап кылынган жерлерде өзгөчө кырдаал жаралган маалда ыкчам чара көрүү үчүн керек экени  белгиленген. Тагыраак айтканда, жаңы тик учактар шарты катаал тоолуу аймактарда өрт өчүрүү жана жүк жеткирүү кызматтарын аткарат. Канчаны сатып алынары белгисиз.
Андан сырткары, Өзгөчө кырдаал болгон жерге куткаруучуларды ылдам жеткирүүчү санитардык авиациянын учууларын ишке ашыруу үчүн «Еврокоптер Н 125» тибиндеги эки жеңил тик учак сатып алуу пландалган.
Ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу, жүктөрдү жеткирүү үчүн орточо «Ансат» тик учагын алуу каралган.
Ан-26 тибиндеги жүк ташуучу самолетторун сатып алуу да мерчемделген. Бул техногендик жана табигый мүнөздөгү глобалдуу өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда чоң көлөмдөгү гуманитардык жардамды ыкчам жеткирүү мүмкүнчүлүгүн түзөт.
Ошону менен катар эле ӨКМдин техникалык базасы пилотсуз учуучу аппараттар (дрон) менен толукталары айтылат. Аны алуу менен өзгөчө кырдаалдын пайда болуусунун алдын алуу максатында кырсык болуп кетиши мүмкүн деген  кооптуу участокторго мониторинг жүргүзүү, аба кемелерин тейлөө менен байланышкан чыгымдарды азайтуу мүмкүн.
Кыргызстан тик учактарды 2022-2026-жылдары, самолетторду 2024-2026-жылдары, дрондорду 2023-2026-жылдары сатып алууга белсенүүдө.
Ал эми каражатты эл аралык донорлордон, анын ичинде грант катары суроо же лизинг катары алуу боюнча пландар бар.