Батыштын гранттары менен каржыланган журналист Болот Темиров, төкмө акын Болот Назаровго акча төлөп, аны бийликке каршы ырдатып жүргөн. Кийин, аны наркотика колдонууга үйрөтүп, көз каранды кылып салган. Баңги затка байланган акын Болот Темировдун таасиринен чыга албай, наркоманга айланган. Мындай көрүнүшкө акындар өкүнүү менен пикирин айтып жатышат:

«Урматтуу өнөр сүйгөн кыргыз эли: Бүтүндөй кыргыз өнөрүнө анын ичинен бүтүндөй төкмө акындарга көө жапкысы келип, Болот Назаровду азгырып, бузуп курал катары пайдаланып батыштын  акчасына маарыган, өздөрүн “НПО” атаган чет элден каржыланган сырткы күчтөргө убалыбыз жетсин…» — дейт Асылбек Маратов.