Коңшу өлкөдөгү авариядан улам Кыргызстанда электр жарыгы өчтү. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

«Кыргызстандын энергосистемасы калыбына келтирилип жатат. Бул бир сааттан ашык убакытты талап кылат», — деди министр.

Буга чейин Борбор Азия бириккен электршакекчесинде авария болгону айтылган. Анын кесепетинен Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстанда электр жарыгы өчкөн.