Кыргызстандын ГЭС жана ЖЭБинде авария болгон жок. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсы билдирет.

Билдүрүүгө ылайык, аталган жерлерде иштөө режими калыбына келтирилип жатат.

“ГЭС жана ЖЭБдин жабдуулары жабыркаган эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанда электр жарыгы өчүп калган.