Кыргызстандын жылуулук жана гидро электр станцияларында авария болгон жок. Бул тууралуу  «Улуттук электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бишкектин ТЭЦинде дагы эч кандай авария катталган эмес. Учурда калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

«Жылуулук тез тарап кетиши мүмкүн эмес. Балким насос станциялары үйлөрдүн үстүнкү кабатына жакшы жеткире албай жаткан чыгар. Мунун баары жакын арада калыбына келип калат», — дешти ишканадан.

Белгилей кетсек, бүгүн саат 12:00дөн кийин Кыргызстандын бир нече аймактарында электр энергиясы өчүп калган. Көп өтпөй Өзбекстан менен Казакстандын дагы бир катар аймактарында жарык өчкөнү айтылды.

Борбор калаада электр жарыгынын артынан суу да өчтү. «Бишкексууканал» ишканасынын маалымат кызматынан билдиришкендей, электр жарыгы өчүрүлгөндүктөн насостук станциялар да иштебей калган.