Кыргызстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыгып, аймактарга өз алдынча жарык бере баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова «Фейсбук» баракчасы аркылуу билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов энергетиктер бир же бир жарым саатта Бишкекте, андан кийин башка аймактарда электрди калыбына келтирүүнү убадалап жатышканын, авария Кыргызстандын аймагында болбогонун «Твиттердеги» баракчасына жазган.

Энергетика министрлиги Кыргызстандагы Жылуулук Электр Борбору, ГироЭлектр станцияларында авария болбогонун кабарлады.