Кыргызстан боюнча электр жарыгы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, айрым чакан айылдарда жарык жок болушу мүмкүн, бирок электр энергиясы этап-этабы менен берилерин баса белгилеп, тургундарды сабырдуулукка чакырды.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев брифинг учурунда республика боюнча колдонуучулардын 50 пайыздан ашыгына жарык берилгенин айтып, калгандары бир нече сааттан кийин калыбына келтирилерин белгилеген.