Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз бак кыюулардын алдын алуу жана аныктоо максатында комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө.
Тактап айтканда, 24-январь күнү аталган кызматтын кызматкерлерине, Жети-Өгүз курортунда, жергиликтүү тургун, өз үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.
Маалыматты текшерүү учурунда, 51 жаштагы А.Кнын. үйүнүн короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана тянь-шань карагайы табылган. Үйдүн ээси, кыйылган карагайларга тийиштүү уруксат берүүчү иш кагаздарын милиция кызматкерлерине көрсөтө алган жок. Ошол эле күнү, туристтик-экологиялык милициянын дагы бир тобунун кызматкерлери тарабынан, Жети-Өгүз токой-чарбасынын тилкесинен, Кургак-Айрык айылынын 39 жаштагы тургуну Т.Бнын. башкаруусундагы Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Текшерүү учурунда, автоунаанын ичинен уруксат
кагаздары жок 7 даана тянь-шань карагайы табылган.
Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү иш кагаздары толтуруп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.