Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тенишев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында,  Чүй облусунун администрациясы өзүнүн кезектеги коллегиялык отурумун онлайн режиминде өткөргөн. Коллегияда 2021-жылы аткарылган иштер жана 2022-жылы жасала турган социалдык, экономикалык өнүктүрүү программасы талкууланды.

«Урматтуу мекендештер!

Бүгүн Чүй облусунун администрациясы өзүнүн кезектеги коллегиялык отурумун онлайн режиминде өткөрдү. Ага президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Эргешов Алтынбек Калдарович, райондук акимдер жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты.

Коллегияда 2021-жылы аткарылган иштер жана 2022-жылы жасала турган социалдык, экономикалык өнүктүрүү программасы талкууланды. Жазга карата айдап-себүү иштерине даярдык, ирригация маселелери, авто жолдорду жана мектеп, бала бакчаларды куруу, электрондук документация иштеринин жүрүшү боюнча талкууладык.

Кудай буюрса президентибиз Садыр Нургожоевичтин колдоосу менен, Кытайдан гранттык негизде берилген каражатка Чүйдү айланып өтүүчү Чоң Чүй каналынын курулушуна  52 млн доллар каражаты бөлүнүп жатканын Алтынбек Эргешов билдирди.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой президентибиз Ак-Ордо 3 жаңы конушунда эл менен жолукканда мамлекет жаңы мектеп салып берээрин убадалаган. Мына ошол президенттин тапшырмасы менен Ак-Ордо 3 жаңы конушунда 2 корпустан турган 6 000 окуучуну кабыл ала турган жаңы мектеп курула тургандыгын дагы белгилеп кетким келет.

Андан сырткары Чүй областында 7 «Өндүрүш аймагы» (промзона) быйыл ишке киргизебиз. Бул область үчүн эң чоң жетишкендиктердин бири болот, анткени, 7  Өндүрүш аймактарында жок дегенде эле 25-30 ишкана иштеп баштайт, бул бери эле жагы миңдеген адамдарды иш менен камсыз кылат.

Урматтуу мекендештер!

Сабырдуулук менен, биргеликте иш алып барсак, өтө чукул арада сиздер менен чогуу чоң бурулуштарды жасасак болот», — деген ал.