«Чек арадагы элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү менен алардын ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында Сумбула айыл өкмөтүнүн Андарак айылында тажик улутундагы кыз-келиндерге кыска мөөнөттүү курс өтүлүп жатат. Бул тууралуу редакциябызга уюштуруучулар билдиришти.

Алардын айтымында,  бул кыска мөөнөттүү курстта мөмө жемиштерди кургатуу, кышка сактоо(консервациалоо) , алардан таттууларды, шириндиктеди жасоо тармагындагы теория жана практикалар бар.

«Аталган долбоор, табигый таза азыктар менен туура тамактанууга үйрөнүп, үй-бүлөнү  жана ден-соолукка кам көрүүгө багытталган. Бул кыска мөөнөттүү курс «Чек арадагы элеттик аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн күчтөндүрүү менен алардын ролун жогорулатуу» долбоору алкагында өткөрүлүүдө», — дейт уюштуруучулар.