Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева сөз сүйлөп, Баткен облусундагы чек ара маселесине токтолду.

Эл өкүлүнүн айтымында, Баткенде  бир топ айылдар өзгөчө статуска кирбей калган. Экинчиден Дүйшөмбү шаарында жайгашкан Кыргызстандын элчилиги иштебесе анда Лейлек ройонуна жакын жайгашкан Тажикстандын Худжанд шаарында консулдук ачуу керек.

«Элчи кайда? Элчини издеген эле эл. Биздин ондогон жарандарыбыз абакта отурат. Алар Тажикстандын беренеси менен камалып отурат. Элчи ал маалыматты билбейт. Ошондон улам, биз элчинин дагы маселесин карашыбыз керек болууда», — дейт эл өкүлү.