Министрлер кабинети олуттуу тартыштыкты болтурбоо максатында дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды Кыргызстандан ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Токтом жөнүндө Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлашы керек.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен белгиленген тартипте кабарлоосу тапшырылды.

Ташып чыгууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон жана токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.