Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Болот Темиров жана Болот Назаровдун кармалышына, интернеттеги видеотасмага эч кандай тиешеси жоктугун билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети айрым адамдардын “интернет тармагында жеке жашоо материалдардын пайда болушуна ведомствонун тиешеси бар экендиги жөнүндөгү” билдирүүсү боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт:

УКМК улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча комплекстүү иш-чараларды Конституциянын жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жүзөгө ашырат. Атайын кызматтын кызматкерлери коомубуздун туруктуулугун жана бүтүндүгүн сактоого, ошондой эле жарандардын укуктарын, эркиндиктерин камсыз кылууга бардык күч-аракетин жумшоодо.

“Журналист Болот Темиров, акын Болот Назаровдун кармалышы жана коомчулукта кызуу талкууланып жаткан жеке видеотасмалардын таралышына УКМКнын эч кандай тиешеси жок экенин белгилейбиз. Кээ бир кызыктар жактар атайын кызматтын дарегине далилсиз, аргумент келтирбестен аны күнөөлөп, коомчулукту күч органдарына каршы иш-аракеттерди кылып жатканы таң калтырат”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК коомчулукту эмоцияга, ар кандай провокациялык аракеттерге алдырбоого, кандайдыр бир суроолор жаралса, билдирүүлөрү жана жалган жалаалары менен Кыргызстандын коомчулугун адаштырбай, белгиленген тартипте ведомствого кайрылууларына чакырат.