Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунан Казакстандын чек арачылары кармап кеткен Сыймык Өмүрбек уулунун апасы Чынара Тамаева президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Сыймык Караколдо педагогикалык колледжде 2-курста окуйт. Айылга кышкы каникулга келген. Тоого мал издеп саат 12:30 чамасында кеткен. Кечинде балам келген жок. Тоо тарапта кыйкырып издеп таппай калдык. Түн ичинде биздин чек ара кызматындагылар «уулуңуз чек арадан өтүп кетип, Казакстандын чек арачылары кармап кетти» деп чалып калышты. Ошондо гана билдик. Ага чейин издеп жатканбыз. 10-январда саат 15:30да кармап кетишкен экен.

Андан бери 16 күн өтүп калды. Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы кайрылганбыз. Кичине кечигип жатабы, айтор, балам чыга элек. Ата-эне чыдабайт экен. Балам эмне болду деп карайлап жатабыз. Таң атканча уктабай чыккан күндөр болуп жатат.

Биринчи Кудайдан, экинчи жогорку кызматтагылардан жардам күтөм. Башка айла жок. Колдон келсе, азыр барып эле баламды бошотуп алат элем…

Президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, баламды эртерээк чыгарып берүүгө жардам беришиңиздерди суранам. Карапайым элдин үнүн угуп коюңуздар», — деди Чынара Тамаева.

Эске салсак, 10-январда Казак чек арачылары 1999-жылы туулган С.у.О. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Шектүү мал жайып жүрүп Казакстандын аймагына өтүп кеткен.