High Angle View Of Mechanic Examining Car Engine With Help Of Laptop

Кыргызстанда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасын кайрадан киргизүү керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова брифингде билдирди.

Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы.

«Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек», — деди ал.

Башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков ЕАЭБдин техрегламентине ылайык келтирүү үчүн ички мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жасалган болчу.

 

Булак: Спутник кж