“Ата Журт Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдон Шаирбек Ташиевдин депутаттык мандаттан баш тартуу маселесин кароону суранды. Бул тууралуу 27-январда парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Шаирбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо өтүнүчү менен өзү мүчө болгон «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясына кайрылган.

Маалым болгондой, 26-январдагы “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында келип түшкөн кайрылуу талкууланган. Ташиевдин чечимине макул болбогон жарандардан республиканын бардык аймактарынан келип жаткан кайрылуулардын санын жана No14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайлоодо анын талапкерлигин 21 миңден ашуун шайлоочу колдогондугун эске алып, фракция төрагага кат жолдоду.